Ошто мугалим окуучуну сабап салгандан кийин ал ооруканага түшүп калды
Ош облусунда Кара-Суу районунда сабалып ооруканага түшкөн окуучу боюнча иш тергелип жатат. Бул тууралуу 17-апрелде облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 13-апрелде Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылында болгон. Сабак учурунда мугалим окуучуга кол көтөргөндөн кийин 8-класстын окуучусу аймактык ооруканага түшкөн.
Милиция ал окуучу дене тарбия мугалиминин ур-токмогуна кабылганын билдирди:«Дене тарбия мугалими “Эмне үчүн журналды карайсың?” деп окуучуну эки колу менен кулагынан чоюп, уруп, денесине жараат келтирген».
Бул факт Кара-Суу райондук милициясында Жоруктар кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмү («Ден соолукка жеңил зыян келтирүү») менен катталып, сотко чейин териштирүү жүрүп жатат.Айыпталып жаткан мугалим же мектеп администрациясы окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.