Жаңылыктар

Ошто студент сүйлөшкөн кызын өлтүрүп, короосуна көмүп, өзү Орусияга учуп кеткен

ОшМУнун студенти сүйлөшкөн кызын өлтүрүп, өз үйүнүн короосуна көмүп салган. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде 4-курста окуган, мурда издөөдө жүргөн кыздын жансыз денеси табылган. Буга чейин милицияга Кеңеш айылынын тургуну кайрылып, 2000-жылы туулган кызы 30-январь күнү эртең мененки саат 9да үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегендигин билдирген.

Факты ЭПКга катталган. Дайынсыз жоголгон адамдын достору жана жакындары сурамжыланган. 8-февралда жаш кыздын өлүмүнө шектүү катары 24 жаштагы Ноокат районунун тургуну кармалды. Ал ОшМУнун 4-курсунун студенти. Кармалган адам өз көрсөтмөсүндө 30-январь күнү саат 10.00дөр чамасында сүйлөшкөн кызы менен жолукканын айткан.

Алар анын үйүнө келишкен. Ошол жерде алардын ортосунда жаңжал чыккан. Натыйжада жигит ашкана бычагы менен студентти бир нече жолу сайган. Сөөктү үйдүн короосуна көмүп салган. Кышкы кийимдерин, кыздын сумкасын сырттагы ажатканага ыргытып жиберген. 31-январда сабагына барып, андан кийин Өзбекстан аркылуу Орусияга учуп кеткенин айткан шектүү.

Шектүү кайра Орусиядан Өзбекстан аркылуу кайтып келе жатканда кармалганы такталган. Кармалгандан кийин жигит жактоочусунун катышуусунда сөөктү көмгөн жерди көрсөткөн. Алдын ала экспертиза маркум тогуз бычактан жаракат алганын көрсөткөн. Бул факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттук-биологиялык, медициналык, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Яндекс.Метрика