Жаңылыктар

Ошто жардан кулаган кыз өзү атайлап секирип кеткен

Кечээ, 25-март күнү Ош облусунун Ак-Буура дарыясына 26 жаштагы кыз аскадагы көпүрөдөн кулап каза болгон видеосу тараган.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунда саат 18:57 чамасында Төлөйкөн айылынын Даңги тилкесинде Ак-Буура дарыясына 1995-жылы туулган кыз жардан кулап түшүп каза болгон. Жерине ӨКМнын куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал Россиянын жарандыгын алган кыргыз улутундагы кыз экени белгилүү болду. Милиция суицид болгонун билдирди. Күбөлөрдүн айтымында дагы ал өзү көпүрөнүн учуна барып кулайм деп айткан. Аны куткарып калууга аракет кылган бала жатып алып жөрмөлөп кыздын жанына барган, бирок кармай алган эмес. Кыз өз боюн жардан таштап жиберген.

Яндекс.Метрика