Кызыктуу

Ошто зоопарктан маймыл качып кетип, үйлөрдүн биринде жашынып жаткан

Зоопарктан качып чыккан маймыл Ош шаарындагы турак жайдын бирине кирип кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, бир күн мурун, саат 22.05те Навои эс алуу багындагы зоопарктан маймыл качып кеткен.

«Маймыл Загородная көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине кирген. Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматынын куткаруучулары кармап, зоопарктын ээсине өткөрүп беришти», — деп билдиришти министрликтен.

Яндекс.Метрика