Жаңылыктар

Оштун «кожоюну» аталган Ж. Атамбаев той берип жатат. Тойго кимдер барды?

12-декабрь кечинде Оштун «кожоюну» аталган бизнесмен Жалил Атамбаев той өткөрүп жатканы белгилүү болду. Ош шаарында жайгашкан миң кишилик тойканада Атамбаев уулун үйлөнтүп жатканы белгилүү болду. Тойго борбордон барган жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барышкан.

Коноктордун катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Гаипкулов, Алтынбек Сулайманов, Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Руслан Чойбеков, Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Нургазы Айдаров, парламенттин мурдагы депутаты Данияр Төлөнов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов, мурунку ички иштер министри Мелис Турганбаев, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, Ош облусунун бир катар райондорунун акимдери, анын ичинде Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев бар.

Яндекс.Метрика