Жаңылыктар

Отунбаева, Жээнбеков, Жапаров «Ата-Бейитке» барышты

Бүгүн, 7-ноябрда премьер-министр Садыр Жапаров тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты.

1916-жылы курман болгондорду эскерүү мемориалына, саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту. Аларга багышталып куран окулду.

Яндекс.Метрика