Жаңылыктар

Пара талап кылып кармалган Нургазы Анаркулов Ташиевдин жакын адамы экени аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев пара талап кылгандыгы үчүн президенттик администрациянын маалымат бөлүмүнүн башчысынын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Ал Нургазы Анаркуловду көп жылдар бою жеке тааныгандыгын мойнуна алды. «Биз башыбыздан көп нерсени басып өттүк. Мен аны жакшы жагынан гана билем. Бирок анын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана жогорку мамлекеттик кызмат ордуна талапкерди жумушка орноштуруу үчүн пара талап кылган деген шек менен кармашкан. Мындай мыйзамсыз аракеттер жарандардын бийлик өкүлдөрүнө болгон ишенимине терс таасирин тийгизип, өлкө жетекчилигинин эл алдындагы беделин түшүрөт”, — деди УКМКнын башчысы.

«Эгерде ал чындап эле коррупцияга аралашкан болсо, анда ал мыйзамдын толук чегинде жооп берет. Биздин жеке тааныштыгыбыз жана жылуу мамилебиз кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүнө эч кандай таасир этпейт. Дагы бир жолу баса белгилегим келет, рангына, социалдык абалына, тууганчылыгына, улутуна жана башка нерселерге карабастан, коррупцияга күнөөлүүлөр аныкталып, жоопко тартыла «, — деп сөзүн жыйынтыктады Камчыбек Ташиев.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов пара талап кылып жаткан жеринен кармалган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Нургазы Анаркуловго буга чейин дагы опузалап акча талап кылган деп айып тагылган. 2012-жылы ал кыргыз тилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын башкы редактору катары бир адамдан акча талап кылган.

Яндекс.Метрика