Жаңылыктар

Парламенттик шайлоо качан болоору белгилүү болду

Бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында парламенттик шайлоонун өтө турган күнүн талкуулашып, анда Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтө турган болду. Мындай чечим бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүп, ага катышкан 16 партиянын төртөө жеңишке жеткени кабарланган. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясынан кийинки жапырт тополоң өлкөнү саясий кризиске алып келген. БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган.

Президент да отставкага кеткендиктен, мыйзам боюнча үч ай аралыгында мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү зарыл.

Яндекс.Метрика