Жаңылыктар

Пенсия төлөгөнгө акча жок отуруп Садыр Жапаровдун инаугурациясына 10 миллион короткону туурабы?

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземинне бюджеттен 10 миллион сом сарпталаары тууралуу маалымат тарады. Айрым маалымат булактары 15 миллион корой турганын жазышууда.

Буга айрым активисттер менен интернет колдонуучулары нааразы пикирлерин билдиришүүдө. Журналист Али Токтакунов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:

«Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына 8,4 млн сом сарпталган. Анда кризис мындай терең эмес эле.Азыр чар тараптан каатчылык каптап турат. Элементарно эле өкмөт коронавируска каршы вакцинаны сактаган муздаткычка акча таппай койбодубу. Пенсияны төлөй албай орустардан жардам алып атабыз го.

Ошондой шартта кайсы арыбызга Садыр Жапаровдун ант берүү аземине 10 млн сом сарптайбыз?!Урматтуу Садыр мырза, өзүңүз баш болуп ыксыз чыгымга каршы үлгү көрсөтүңүз. Ал элдин акчасы. Жок дегенде эки эсе кыскартыңыз чыгымды. Үнөмдөлгөн акчаны коронавирус жуктурган врачтарга бергиле жок дегенде. Бар тыйыныбызды тойго сапырчу убак эмес.»-деп жазган.

Яндекс.Метрика