Жаңылыктар

Пранк болуп чыкты. Бишкекте адам уурдагандар боюнча жаңы жагдай

2021-жылдын 3-майында саат 16:40 чамасында 102 линиясына Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүндө өспүрүмдү уурдап кетишти деген чакыруу келип түшкөн.

Маалым болгондой, белгисиз адамдар 2004-жылы туулган У.Ж.ны ак түстөгү унаа менен уурдап кетишкен, андан кийин алар качып кетишкен.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган С.И., 1997-жылы туулган У.К., 1992-жылы туулган А.Н. кармалышкан. Алар Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси «Адамды уурдоо» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бирок, кийинчерээк айтылгандай, шектүүлөр муну пранк деп түшүндүрүшкөн. Тергөө иштери уланууда.

Яндекс.Метрика