Жаңылыктар Саясат

Премьер-министрликке жалгыз Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралууда. Өмүр баяны

Жогорку Кеӊеште өкмөт башчылык кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлиги жалгыз карала турганы маалым болду. Ал эми азыркы өкмөттө иштеп жаткан министр, жетекчилердин жарымынан көбү кызматтан кете турганы айтылууда.

Өмүр баяны:

Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Оштогу техникалык университетин аяктаган. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинен финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1997-2001 — «Кызыл Кетмен» дыйкан чарбасынын жетекчиси.
2001-2002 — КР Каржы министрлигинде жетектөөчү адис.
2002-2003 — Каржы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы.
2003-2005 — Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы.
2005-2006 — Жогорку Кенештеги депутаттын консультанты.
2006-2008 — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө эксперти.

2008-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын октябрына чейин – Президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор.
2010-жыл — КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси.
2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин – КР өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор.

2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин КР президентинин жардамчысы.

2015-жылы Улукбек Марипов КР президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

2016-жылдан бери Эсептөөө палатасынын төрагасы. Эске сала кетсек, Мариповдун бир тууган иниси Бактыбек Марипов өткөн жылы ноябрда Ноокат районуна аким болуп дайындалган. Атасы да райондук оорукананы көп жылдан бери жетектеп келет.

4 thoughts on “Премьер-министрликке жалгыз Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралууда. Өмүр баяны
  1. Эмне учун Новиков кетти? Жакшы иштеп баштабадыбы эле. Новиковту кайтаргыла

  2. Пока Эльвира устраивает не вижу смысла устранить её… А дальше посмотрим…

Comments are closed.

Яндекс.Метрика