Президент болгусу келген талапкерлердин саны 9га жетти. Алар кимдер?
2021-жылдын 10-январда өтө турган президентик шайлоого катыша турган талапкерлердин саны 5-ноябрга карата 9га жетти. Бүгүн 5-ноябрь күнү Конституциялык палатанын мурдагы соту, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова шайлоого катышарын билдирди.

«Партиянын атынан чыгамбы же жеке талапкер болуп чыгамбы азырынча белгисиз, бирок мен шайлоого сөзсүз катышам»-деди Сооронкулова.
Кыргыз өлкөсүнүн президенти болгусу келгендер:
1-Учурда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров.
2-«Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров.
3-«Кыш болбойт» деп таанымал болгон Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай).
4-Экономист Кубан Чороев.
5-Активист Назарбек Нышанов.
6-Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов.
7-Саясатчы Бакыт Бакетаев.
8-ЖКнын экс-спикери Канат Исаев.
9-«Реформанын» лидери Клара Сооронкулова.