Саясат

Президент Мадумаров жана Нарматова боюнча пикирин билдирди

«Кыз боосуп, энесин коркутат». Президент Садыр Жапаров депутаттар Мадумаров жана Нарматова боюнча пикирин билдирди.

Президент Садыр Жапаров депутат Адахан Мадумаров жана Орозайым Нарматова боюнча «Вечерний Бишкек» басылмасына төмөнкүчө пикирин билдирген.

«Катуу айтсам кечирип койгула, экөөнүн тең «беттери калың» экен. Кыргызда «Кыз бооуп, энесин коркутат» деген сөз бар. Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? «Колуң менен кылганды мойнун менен тарт» дейт кыргызда. Коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек эле», — деп билдирген.

14-январь күнү «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Башкы Прокуратурага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол коюль протоколун негизиндеган суракка чакырылган. Ошол эле күнү УКМК Орозайным Нарматованы жогорку окуу жайдын дипломун мыйзамсыз алган деген шек менен суракка чакырган. Эки депутат тең бийликтен «Бүтүн Кыргызстанга» басым болуп жатканын билдиришкен.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Фейсбук барагында УКМКнын депутат Орозайым Нарматовага козгогон кылмыш ишине карата оюн айтып атайын кызматты сынга алды. Анын пикиринде, «тигил же бул жаран ЖОЖдо окуп-окубаганы — чекисттердин иши эмес». Масалиев чекисттер «өз ишин билип — улуттук коопсуздукту камсыздап, кимдир бирөөнүн саясий атаандаштарына каршы иштебеши керек », деп эсептейт.

Депутат Нарматова «Достор, мен эң негизгиси Кудайдын, ата-энемдин жана элдин астында намысыма бек экенимди ишендирип айта алам. Колдооңуздар үчүн рахмат, бул ыплас адамдар өздөрүнүн ыпластыгы чыгып калбаш үчүн ушундай ыплас жолдорго бара берет экен. Мындай (катастрофа), улутту кыйроодон сактап калуу үчүн чогуу күрөшүүгө чакырам.» — деп жазган социалдык тармактагы баракчасына.

Яндекс.Метрика