Кызыктуу

Президентке кат. «Бакиев келсе Ала-Тоого кут конгондой эле болмок»

Кочкорлук блогер Асейин Саралаев президент Садыр Жапаровго кат жазып, өзүнүн сунуштарын айтты.

Урматтуу Садыр байке!

Бүгүн менин туулган күнүм… Бирок бүгүнкү туулган күнүмдө англис жазуучусу, Нобель сыйлыгын ээси Дорис Лессингдин чыгармасындагы каарман сыяктуу сизге кыскача кат жазууну туура көрдүм. Ал чыгармадагы каарман туулган күнүндө императорго кат жазып кайрылса, мен дагы бүгүн сизге бир өтүнүч менен кайрылгым келди.

Кудай буюрса быйыл өлкөбүздүн эгемендүүлүк алганынын 30 жылдык маарекесин белгилейбиз. Биздин мамлекеттин 30 жылдык тарыхында беш жолу Президент алмашып, сиз алтынчы Президент катары шайланып иштеп жатасыз…

Айткым келгени дал ошол 30 жылдык салтанаттын төрүндө Кыргыз Ресбликасынын тарыхындагы эң күчтүү Президент болгон Курманбек Бакиев агабыздын отурганын көрсөк абдан кубанычта болот элек… Анткени өлкөбүздү акмакчылык менен шоопурларга, жансакчыларга, куда-сөөктөргө башкартып өлкөнүн атын дагы, экономикасын дагы мышык боздоп ыйлап жиберчүдөй абалга кептеп койгон акыркы 10 жыл ичинде кимдин-ким экенин коомчулук жакшы түшүнүп калды. Акаев ким, Бакиев ким, Отунбаева ким, Атамбаев ким, Жээнбеков ким экенин көрдүк…

Садыр байке!

«Ханды хан сыйласа күн тутулбайт, Хандын күчүн хан бааласа ал утулбайт» деген Персия шахынын айткан сөзү бар эмеспи? Бүгүн биз тарыхты дагы, чындыкты дагы Атамбаевдин доорундагыдай жасалмалап, бурмалай албайбыз. Анткени ага сиз жол бербейсиз! Сиз чындык менен акыйкатты туу тутуп иштегенге аракет кылып жатасыз.
Бүгүн сиз чындык менен акыйкатты экс-Президентибиз Курманбек Бакиев агабыздан жана ал кишинин үй-бүлөсүнөн, бир туугандарынан баштасаңыз жакшы болмок.

Анткени Бакиевдерге каршы Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү баштап Атамбаев татыктуу уланткан: куру жалаалар, чындыкка сыйбаган каралоолор, ойдон чыгарылган кылмыш иштери, бети жоктук менен айтылган ушак-айыңдар азыркы күнгө чейин токтобой келет. Он бир жыл өтсө дагы КУРМАНБЕК БАКИЕВДИ негизсиз, акыйкатсыз каралоо УӨнүн мүчөлөрү менен Атамбаевдин өз колдору менен жасаган былыктары менен кылмыштуу иштерин жаап-жашыруу үчүн колдонулган ыкмасындай таасир калтырат.
Ошондуктан 2010-жылдагы июнь коогалаңын тезирээк иликтеп, чыныгы күнөөкөрлөр жазаланса чындыктын жиби чубалып чыгат деп ишенем…

Анан ал жиптин учу 2010-жылда болгон баардык окуяларга жетелеп барып чыныгы канкорлор кимдер экенин көрсөтүп бермек… Азыр экс-Президентибиз Курманбек Бакиевге жана бир туугандарына тагылган жалган өкүмдөр кайрадан каралып жокко чыгарыла турчу учур келди деп ойлойм.

«Ак ийилет, бирок сынбайт» деген жакшы сөз бар эмеспи, тээ 2010-жылы Бакиевдердин үй-жайын өрттөп кутурган саясатчы, сепаратист, бандиттин баарына кудай өзү акыйкат жазасын бериптир… Эми дагы чындык менен акыйкат өз ордуна келет деп ишенем.

Урматтуу Садыр ага!

Сизден өтүнүчүм экс-Президетибиз Курманбек Бакиев агабызды 31-августта боло турчу 30 жылдык салтанатка татыктуу конок катары алып келиңиз. Бүгүнкү оош-кыйыш заманда Курманбек Бакиевдин Ала-Тоого келиши КУТ келгендей эле болмок. Курманбек агабыздан коңшу өлкөнүн Президенттери дагы сестенип турушарын билебиз.

Сиз жаңычыл Президент катары БАКАЙ сыяктуу кеңешчи катары Курманбек агабыздан кеп-кеңеш алып турсаңыз кадырыңыз дагы эселеп артат беле деп ойлойм. Анткени Бакиев башкарган 2005-2010-жылдагы өнүгүү жолуна түшкөн КЫРГЫЗСТАНДЫ азыр дагы көргүм келет…

Эң кызыгы англис жазуучусунун каарманы жазган кат императорго жетип, анын тилеги аткарылат… Кудай буюрса биздин дагы тилектер орундалып Ала-Тообузга Курманбек агабыз келет деп ишенем…

Терең урматым менен,

Асейин Саралаев (24-июнь, 2021-жыл)

Яндекс.Метрика