Жаңылыктар

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын башчысы кармалды

Айрыкча ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип, Кыргызстандын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы А.Н.С. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Белгилей кетсек, бул кызматты Нургазы Анаркулов ээлейт. Анын аты жана фамилиясы баш тамгаларга дал келет.
Шектүү мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кармалгандыгы такталды.

«Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке материалдык баюуну көздөп, кызматка дайындоо жөнүндө оң чечим кабыл алуу үчүн мамлекеттик жетекчи кызматтардын бирине талапкерден ири өлчөмдө акча талап кылган» деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.

Яндекс.Метрика