Саясат

Президенттикке талапкерлер 26га жетти. Алар кимдер?

14-ноябрь талапкерлерди көрсөтүү үчүн арызды тапшыруунун акыркы күнү. Бүгүн, 13-ноябрь саат 16:00гө карата 26 талапкер БШКга арызын тапшырган. Алардын ичинен Бакыт Бакетаев Садыр Жапаровду колдоорун билдирип шайлоого катышуудан баш тарткан.

1. Адахан Мадумаров 1965-жыл, 9-март “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери

2. Арстанбек Абдылдаев 1968-жыл, 28-апрель «Аурдин» ЖЧКсынын түптөөчүсү жана башкы жетекчиси

3. Кубан Чороев 1981-жыл, 29-сентябрь «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу» коомдук фонду башкармалыгынын төрагасы

4. Назарбек Нышанов 1961-жыл, 20-март «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти

5. Бектур Асанов 1969-жыл, 5-март “Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери

6. Канатбек Исаев 1975-жыл, 7-февраль Жогорку Кеңештин депутаты

7. Абдыкаар Сыдыков 1959-жыл, 27-октябрь Пенсионер

8. Сазыкбай Турдумалиев 1954-жыл, 28-август “Комплекстүү жабдуу борборунун” башкы директору

9. Нурлан Мотуев 1969-жыл, 10-декабрь Убактылуу иштебейт

10. Рашид Тагаев 1958-жыл, 21-август «Ошгаз» филиалынын директору

11. Жеңишбек Байкуттиев 1966-жыл, 9-май “Толубай” АКБ ЖААнын директорлор советинин кеңешчиси

12. Клара Сооронкулова 1969-жыл, 18-март «Укук мектеби» коомдук уюмунун жетекчиси

13. Аймен Касенов 1974-жыл, 11-апрель Нью-Йорк университетинин (Прага шаары, Чехия Республикасы) студенти

14. Азамат Эсенбеков 1984-жыл, 4-июнь “Альфа-Телеком” ЖАК

15. Кубанычбек Кадыров 1970-жыл, 13-октябрь “Чындык” партиясынын лидери

16. Элеонора Турдубекова 1971-жыл Бишкектеги Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы

17. Садык Шер-Нияз 1969-жыл, 10-март Убактылуу иштебейт

18. Урустам Кубанычбеков 1962-жыл “Мөңгү» коомдук экологиялык фонддун президенти

19. Ильгиз Товкеев 1985-жыл, 5-ноябрь Убактылуу иштебейт

20. Бактыбек Калмаматов 1984-жыл, 20-январь Убактылуу иштебейт

21. Жамбылбек Камчиев 1954-жыл, 10-февраль «Куудул-Аралаш» коомдук фондунун президенти

22. Мыктыбек Арстанбек 1965-жыл, 7-сентябрь Халал-индустрия ѳнүктүрүү борборунун директору

23. Токтайым Үмөталиева 1962-жыл, 4-апрель “Ай-Данек” газетасынын редактору

24. Анар Зарипова 1966-жыл, 3-февраль Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде декан

25. Куттуумидин Базаркулов 1968-жыл, 23-апрель «Дербиш» фондунун директору

26. Бакыт Романов 1980-жыл, 6-февраль Убактылуу иштебейт

Садыр Жапаров БШКга арызды 14-ноябрь жазарын билдирди.

Добуш берүү төмөндө:

Яндекс.Метрика