Президенттикке талапкерлердин биографиясы
Белгиленген мөөнөткө 20 талапкер миллион сом күрөөнү жана шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуп өткөрүп беришти. Ким канча кол топтогону боюнча бул шилтемеден биле аласыз.
Бул талапкерлерди БШК иргеп кимиси мыйзам бузса же айтылган талаптарды аткарбаган болсо шайлоодон четтете алат, жана шайлоого чейин талапкер өзү шайлоого катышуудан баш тартса болот. 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттикке талапкелердин кыскача өмүр баяны менен таанышып алсаңыздар болот.

Аймен Касенов
Аймен Касенов 1974-жылы 11-апрелде Фрунзеде (азыркы Бишкек) туулган. 1989-1992-жылдары Бишкек шаарындагы аскер мектебинин (Суворов аскер окуу жайы) курсанты болгон. Ал Прага шаарында окуган. Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун башкармалыгынын мүчөсү болгон. 2018-жылдын декабрь айында аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан алган.
ОКӨФга чейин ал узак убакыт бою «Газпром-Нефть Казахстанда» башкы директорунун кызматын ээлеп келген, «Газпром-Нефть Таджикистан» башкы директорунун орун басары болгон. Ошондой эле ал «Альянс» мунай компаниясынын жана «Кыргызстан Аба Жолдору» улуттук авиакомпаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Шайлоого биринчи жолу катышып жатат. Буга чейин ал депутаттыкка же башка шайлоолорго катышкан эмес.
Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Бабыржан Төльбаев
Бабыржан Төльбаев 1976-жылы 20-сентябрда Ош шаарында туулган. “Мол Булак Финанс” компаниясынын башкы директору. Ал дагы шайлоого биринчи жолу катышууда. Ал АКШда билим алганы белгилүү. Англис жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт. 2000-жылдан бери ишкердүүлүк менен алектенип келет. Бабыржан Төльбаевдин жардамы менен аялдар үчүн атайын микрокредиттик программа иштелип чыккан. Ошондой эле ал 2010-жылы түштүктөгү кайгылуу июнь окуясынан кийин «Калыбына келтирүү» фондун түзүүнү демилгелеп чыккан.
Эльдар Абакиров
Элдар Абакиров 1981-жылы 14-апрелде Каракол шаарында туулган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Ата Мекендин» алдыңкы ондугуна катышкан. Эьлдар Абакиров буга чейин Экономика министринин орун басары болуп иштеген. Ал бул кызматты 2016-жылдын май айынан 2019-жылдын июнь айына чейин аткарган. Азыр ал «Green City Management» ЖЧКсынын директорунун орун басары, анын негизги ишмердүүлүгү туристтик бизнес, мейманканаларды жана ден-соолукту чыңдоочу комплекстерди башкаруу болуп саналат. 5-октябрда болгон башаламандык учурунда ал гранатанын сыныгынан жаракат алган.
Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Жеңишбек Байгуттиев
Жеңишбек Байгуттиев 1966-жылы 9-майда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин математика факультетин топология адистигин аяктаган. Ал Эл аралык Арбитраждык соттун судьясы, ошондой эле Эл аралык Арбитраждык Соттун Байкоочу кеңешинин мүчөсү. Мындан тышкары, ал «Бишкек ишкерлер клубу» коомдук бирикмесинин мүчөсү.
2009-2010-жылдары Экономикалык тескөө министри болгон. Президенттик өнөктүккө биринчи жолу катышууда.
Арстанбек Алай
Арстанбек Абдылдаев 1968-жылы 28-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Дыйкан айылында туулган. Ат-Башыдагы СПТУну аяктаган, кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика адистигин аяктаган. “Кыш болбойт” деген атактуу сөздүн автору Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев мамлекет башчысын шайлоого такай катышып келет.
Ал Кудай тарабынан дайындаганын айтып, 2020-жылы ааламдын президенти болоорун жар салып элди таң калдырган. 2019-жылы анын тарапкерлери Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун «сезону» бүткөнүн айтып ал бир жылдан кийин бийликтен кетээрин айтып чыгышкан.
Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Курсан Асанов
Курсан Асанов 1966-жылы 31-августта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында туулган. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов дагы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 7-орунду ээлеген. Асановго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча айып тагылууда.
Курсан Асанов 2019-жылдын 13-августунда “кыргыз милициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылды жана ишенимди жоготту» деген айып менен кызматтан алынган. Кийинчерээк Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле ал 9-октябрдагы башаламандыкты уюштурган деп айыпталууда, соттун чечими менен үй камагына бошотулган.
Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков 1970-жылы 19-сентябрда Талас облусунун Манас районундагы Арал айылында туулган. 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) юридикалык факультетин, 1996-жылы — Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва шаарындагы Дипломатиялык академиясын аяктаган. Саясий илимдердин кандидаты. 2008-жылы Массачусетс Технологиялык Институтунун (АКШ) Слоан Менеджмент Мектебинен Бизнес Башкаруу Магистри (MBA) даражасын алган. Жогорку Кеңешке 2010-жылы «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен келген. Бирок, Өмүрбек Текебаев менен урушуп, аны фракциядан дагы, саясий уюмдан дагы чыгарып салышкан.
Жээнбеков дагы 5-октябрдагы башаламандыкта СИЗО-1ден чыгып кеткен. Камерага кайра кайтып барган эмес.

Абдил Сегизбаев
Абдил Сегизбаев 1973-жылы 25-июнда Фрунзе шаарында туулган. 1996-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун агроном адистигин аяктаган. 2003-2005 – жылдары ошол кездеги президент Аскар Акаевдин пресс-катчысы болгон. 2011-2012-жылдары президенттин Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы.
2015-2018-жылдары УКМКнын жетекчиси болгон. 2005-жылдагы март ыңкылабында катуу сабап кетишкен.
Кубан Чороев
Кубан Чороев 1981-жылы 29-сентябрда Таласта кызматкерлердин үй-бүлөсүндө туулган. 2002-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин «Экономика жана ишканаларды башкаруу» адистигин аяктаган.
2014-жылдан бери Кыргызстан Тарыхчылар Ассоциациясынын мүчөсү. 2010-жылдан бери Евразиялык генетикалык генеалогия коомунун мүчөсү, ошондой эле Америкалык үй-бүлө дарагы ДНК лабораториясында кыргыздардын популяциялык генетикасын изилдөө боюнча долбоордун жетекчиси.
Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.
Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова 1969-жылы 18-мартта Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылында туулган. 1992-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин юриспруденция адистигин аяктаган.
1994-2011-жылдары Улуттук университеттин юридика факултетинде окутуучу болуп иштеген.
2011-2015 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьясы;
2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Реформа» партиясы менен катышып 7 пайыздык чектен аша алышкан эмес.
Бактыбек Калмаматов
Бактыбек Калмаматов 1984-жылы 20-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Совет айылында төрөлгөн. 2006-жылы Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер факультетинин чет тилдер мугалими адистигин аяктаган.
2007-2010 жылдары «Ата Мекен» саясий партиясынын Ош облусу боюнча координатору;
2010-2015 –ж.ж V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты;
Президенттик шайлоого биринчи жолу катышып жатат.
Канатбек Исаев
Канатбек Исаев 1975-жылы 7-февралда Чүй районунун Калиновка айылында туулган. «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган. Кыргызстандын Көк-Бөрү федерациясынын президенти, «Манас» коомдук бирикмесинин төрагасы.
2008-жылы Токмок шаарынын мэри болуп иштеген. Акыркы Парламеттик шайлоого өзү түптөгөн «Кыргызстан» партиясы менен катышып 3-орунду ээлеген.
Улукбек Кочкоров
Улукбек Кочкоров 1974-жылы 24-июнда Баткен районунун Кара-Бак айылында туулган. 1991-1995-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин каржы жана насыя адистигин аяктаган. Каржы жана экономика министрлигинде жетектөөчү адис болуп иштеген.
Жогорку Кеңештин V чакырлышынын депутат. 2018-жылы Социалдык өнүктүрүү минстри болуп дайындалып, 2020-жылдын 27-октябрында премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен кызматтан кеткен.Акыркы өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы менен жеңишке жетишкен.
Үй-бүлөлүү, беш баласы бар.
Имамидин Ташов
Имамидин Ташов 1983-жылы 2-августта Баткен облусунда туулган. 2006-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин «финансы жана кредит — банк иши» адистигин аяктаган.
2011 — 2012 — «KG Курулуш» курулуш компаниясынын башкы директору;
2013 — 2017 — «KG GROUP» курулуш компаниясынын жана коомдук фондунун президенти;
2017 — 2020 — «KG GROUP» компаниясынын координатору.
Үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын атасы.
Мыктыбек Арстанбек
Мыктыбек Арстанбек 1965-жылы 7-сентябрда Сузакта туулган. Ишеналы Арабаев атындагы Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин Теология кафедрасында окутуучу. Узак убакыт КТРКда журналист болуп иштеген. Мындан тышкары, ал Халал индустриясы борборунун директору.
Үй-бүлөлүү, 8 баланы тарбиялайт.
Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев 1969-жылы 11-майда Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылында туулган. «Ата Мекен» фракциясынан алтынчы чакырылыштын депутаты. Бешинчи чакырылышта «Ар-Намыс» партиясынын өкүлү болгон. Абдил Сегизбаевдей ал дагы Аскар Акаевдин басма сөз катчысы болуп иштеген.
Бүгүнкү күндө ал Садыр Жапаровго сын айтып келет. Ал конституциялык реформаны кескин сынга алып, экинчи Бердымухамедов болгусу келет деп эсептейт. Алтынчы чакырылыштын депутаттарын легитимсиз деп келет.
Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров 1965-жылы 9-мартта Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Тверь мамлекеттик университетин тарыхчы адистиги боюнча, тарых жана коомдук илимдер мугалими жана Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистигин аяктаган.»Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 3-жолу президенттик шайлоого катышып жатат. 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ал үчүнчү орунду ээлеген.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодо 7 пайыздык босогону басып өткөн, бирок кечке жуук БШК 7 пайыздык чекти болгону 3 партия (Бримдик, Мекеним Кыргызстан, Кыргызстан) басып өткөнүн жар салган. Акыры төңкөрүш менен аяктаган.
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
Садыр Жапаров
Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл районунун Кең-Суу айылында туулган. 2006-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган. Ал абактан 6-октябрга караган түнү бошоп бир күндүн ичинде өлкөдөгү эң таасирдүү адамга айланды. Ал бир жарым ай президент болуп иштеди. Ушул убакыт аралыгында ал аймактарды кыдырып, дайындоолорду жасап, 268 соттолгон адамга ырайым бергенге жетишти.
Неге Мыктыбекти кошуп койбодунар?
Мыктыбек Арстанбекти кошуп койгула