Жаңылыктар

Прокуратура министрдин эмне себептен кармалганын түшүндүрдү

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казакстандын эл аралык уюмдарынан бекер гуманитардык жардам иретинде 451 миң 560 доза вакцина келгени айтылат.

«Мындан тышкары, Кытай жана Россия президенттери менен макулдашуунун алкагында гуманитардык жардам катары өлкөгө 6 миллион доза вакцина бөлүнгөн.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы менен 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет элдик жеке компаниялардан 1 миллиард 581 миллион 474 миң 315 сом түшкөн. 2 миллион 460 миң доза вакцина эч себепсиз сатылып алынган. Акча оффшордук эсептерге которулган.

Вакцинанын 3 миллиондон ашык дозасы ашыкча болуп калгандыктан, калган дарылардын мөөнөтү бүтүп жатат», — деп билдирди Башкы прокуратура.

«Коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Министрге жана ведомствонун башка кызматкерлерине карата беш кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп билдирди көзөмөл органы.

Яндекс.Метрика