Ден-соолук

Психологиялык тест: Биринчи эмне көрдүңүз? Кандай адам экениңизди атып берет

Бул психологиялык тесттен өтүп, мүнөзүңүз кандай экенин билип алсаңыз болот.

Аттын башы

Эгер биринчи аттын башын көргөн болсоңуз сиз көп учурда артка кылчая карайсыз. Ал учурда кандай жакшы болгонун эстей бересиз, азыр ал жакка кайтып, жок дегенде бир күн болуп келсем деп кыялдана бересиз. Сиз азыркы учур менен жашашыңыз керек, анткени өткөн мезгил канчалык кооз болсо дагы, кайра кайрылып келбейт. Өткөндү эстеп, жашооңузду жакшы жакка өзгөртүү үчүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрдү койо берип жиберсе болот. Ошондуктан алдыга карап умтулуу керек.

Отурган кыз

Биринчи отурган кызды көрсөңүз, сиз адамдардын коомун жактыра бербейсиз. Адамдардын ашыкча ызы-чуусу, алардын чатакташуусу сизди чарчатып жиберет.

Жалгыздык — бул сиз эңсеген нерсе. Ойлоруңуз менен жалгыз болуу, окуялар, тенденциялар жөнүндө ой жүгүртүү, өз иш-аракеттериңиздин себептерин жана кесепеттерин талдап отурган жагат. Айрымдар мындай жүрүм-турумду таң калыштуу деп ойлошот, бирок сиз ага маани бербейсиз. Сиз өзүңүз жактырган жашоо менен жашап, ашыкча нерсеге умтула бербейсиз.

Яндекс.Метрика