Жаңылыктар

Путин: «Бул кыргыз элинин шору»

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы окуяларга баа берди. Ал 22-октябрда “Валдей” эл аралык талкуу клубунда буларды айтты:

“Ал жакта болуп жаткан окуялар Кыргызстандын, кыргыз элинин шору. Качан шайлоо болгондо төңкөрүш болот. Бул күлкү эмес. Көп мамлекеттер мамлекеттүүлүктү түптөө, өнүгүү маданиятындагы алгачкы кадамды басып жатышат ”, — деди Путин.

Москва Кыргызстандагы окуяларга кийлигишпей турганын белгиледи. Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл 5-октябрда нааразылык митингге чыгышкан. Ошол эле күнү жапырт башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Яндекс.Метрика