Дүйнөдө Саясат

Путин менен Рахмон жолугуп кыргыз-тажик жаңжалын талкуулашат

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз-Тажик чек арасындагы абалды талкуулашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковго таянып, орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Билдирүүгө ылайык, эки өлкөнүн президенттери 8-майда жолугушат. Мындан тышкары 9-майда Москвадагы Кызыл аянтта өтө турган Жеңиш парадына Эмомали Рахмон катышат.

Белгилей кетсек, Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 36 жаран каза болуп, 189 адам жаракат алды. Мындан тышкары үйлөр, мектептер жана башка имараттар өрттөлүп, ири суммадагы материалдык чыгымга алып келди.

Айрым кыргыз саясий серепчилери кыргыз-тажик жаңжалынын чыгышына Орусияны күнөөлөп жатышса айрымдар Тажикстанга өтүп жаткан контрабанда токтотулганынан келип чыкканын айтышууда. Орусиянын Кыргызстанда дагы Тажикстанда дагы аскердик базалары бар.

Эске салсак 23-апрелде Орусия менен Тажикстан биргеликте ири аскердик машыгууларды өткөрүшкөн.

Яндекс.Метрика