Дүйнөдө Саясат

Путин Рахмонду «суракка» алыш үчүн чакырганбы?

Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы 8-майда Эмомали Рахмон жумушчу сапары менен Москвага барганын кабарлады. Рахмон орус лидери Владимир Путин менен жолугат.

“Рахмондун визитинде Путин менен жолугушуусу жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) учурдагы жетекчиси катары 9-майда Москванын Кызыл аянтындагы Улуу Жеңиш майрамынын 76-жылдыгына арналган аскердик парадга катышары күтүлүүдө”, — деп айтылат билдирдүүдө.

Буга чейин Рахмондун пресс-катчысы Абдуфаттох Шарифзода президент Путин менен кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды дагы талкууларын билдирген.

Рахмон жеңиш күнүнө карата чакырылган чет өлкөлүк жалгыз президент. Мындан башка эч ким чакырылган эмес.

Буга чейин ТАСС жаңылыктар агенттиги Кремлдин өкүлү Дмитрий Песковго шилтеме берип, Рахмон менен Путиндин сүйлөшүүлөрү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкканга чейин эле пландалганын жазган. Песков анда кыргыз президенти Садыр Жапаров Москвага келбей турганын айткан.

Кыргыз президентинин пресс-катчысы Галина Байтерек болсо Садыр Жапаров пандемиядан улам Москвага барбай турганын билдирген.

Орусиялык саясий серепчилер бул визитти ар түрдүү баалашууда. Айрымдары Путин тажик президенти Рахмонду ЖККУ уюмуна кирген өлкөлөрдүн арасында чатак чыгарганы үчүн суракка алаарын айтып жатышат.

Айрымдар болсо Рахмон Тажикстанды монархияга айланткысы келип жатканын айтып ал мурдатан бери Путинге жолугуу аракетин көрүп жүргөнүн жазышууда. Ал уулу Рустам Рахмонду өзүнөн кийин өлкө башчысы кылып дайындагысы келет. Мындан улам ал Путинден жардам-кеңеш сурагысы келип жатканын айтышууда.

Саясат таануучу Денис Бердаков кыргыз-тажик жаңжалын эртерээк жөнгө салууга болот деген оптимисттик көз карашта.

«Биринчиден, Бишкекте алар Рахмондун Москвага келишине кабатыр болушкан жок, анткени Россия менен Кыргызстандын мамилелери Россия менен Тажикстандын мамилелерине караганда алда канча жакын.

Кыргызстан ЖККУда гана эмес, ЕАЭБдин дагы мүчөсү жана президенттер биргелешип ишканаларды ишке киргизип жатышат. Экинчиден, эми Рахмон өзүнүн кылган агрессиясын акташ үчүн Россиянын колдоосун алууга аракет кылат, анткени ал өтө олуттуу эл аралык соттук териштирүүлөргө туш болушу мүмкүн экендигин түшүнөт. Кеп кимге кол салгандыгында эмес, конфликт татаал, узак жана ар тараптын өз позициясы бар.» — деп билдирди.

Яндекс.Метрика