Путин Жээнбековду эмнеге кабыл албай койду? Атамбаевди камаганы
Сооронбай Жээнбековдун Москвада өткөн парадга катыша албай, кайра кайтып келиши тууралуу орус жана кыргыз саясатчылары ар кандай ойлорун айтышууда.

Мисалы саясий эксперт жана журналист Ирек Муртазин Жээнбековду парадга эмнеге катыштырбай коюшту деген суроого жооп издеген.
“Сооронбай Жээнбеков Кремлге маска тагынып келсе дагы Путин аны кабыл албай койду. Кремлдин сайтында алардын чогуу түшкөн бир дагы сүрөтү жок. Же бир күн мурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камалышы себеп болдубу?
Путин чын эле Жээнбековдон коронавирус жуктуруп алам деп корктубу?
Же бул менен Путин өзүнүн мурдагы досу Атамбаевдин камалышына нааразы экенин билдирдиби, же бул жөн гана дал келүүбү?” – деген ойлорун жазган.
Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Москвага учардын алдында COVID-19га анализ тапшырып, баарыныкы таза чыккан.
Анда эмне үчүн Москвадан таза эмес болуп калды?