Дүйнөдө Жаңылыктар

Рахмон Ташиевдин айткандарын четке какты

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 9-апрелде Ворух анклавына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

“Акыркы 19 жыл аралыгында Ворухту алмашуу тууралуу сөз болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Мен муну акыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кандай сөздөр жүрүп жаткан себептен айтып жатам. Чек ара маселелерин чечүү убакытты талап кылат жана анда эмоцияга алдырбаш керек, Ворух башка эч бир жерге алмаштырылбайт, жана бул тууралуу сөз да болгон эмес”, — деген Рахмон.

Рахмондунбул сапары Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин чек ара тууралуу билдирүүлөрүнөн кийин болду.

Ал 26-марттагы маалымат жыйынында Кыргызстан Тажикстан менен чек араны чечүү үчүн Ворух анклавын Баткендеги башка аймактан 12 миң гектар жерге алмаштырууга даяр экенин, бул сунуш тажик бийлигине берилгенин маалымдаган.

Яндекс.Метрика