Дүйнөдө

Рахмондун үй-бүлөсү Кыргызстан да революция жасаганга камданууда

Тажик президенти Эмомали Рахмондун үй-бүлөсү Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого камынууда.

Мындай пикирин «Тажикстандагы реформа жана өнүгүү» оппозициялык кыймылынын лидери Шарофиддин Гадоев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анда жазылгандай, 9-июнь күнү Рахмондун үй-бүлөсү, тактап айтканда, уулу Рустам, күйөө балдары Махмадзоир Сохибов менен Шамсулло Сохибов, кайниси Хасан Асадуллозода, уулу Рустамдын досу Шохрух Саидзода, тажик УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов жана ИИМдин башчысы Рамазон Рахимзодалар чогулушкан.

«Күн тартибиндеги маселе катары, Бишкекте төңкөрүш жасоо үчүн президент Садыр Жапаровго каршы оппозицияны каржылоо үчүн каражат топтоо маселеси каралган.

Себеби, Рахмондун үй-бүлөсү алардын негизги бизнеси болгон наркотрафик үчүн Кыргыз Республикасынын аймагын транзиттик жол катары колдонуп келген.

Ал эми Жапаров бийликке келгенден кийин тажик тарап бизнеси боюнча макулдаша албай, натыйжада алар үчүн коңшу өлкөдө бийликти алмаштыруу зарылчылыгы жаралууда»-деп жазган оппозиционер.

Яндекс.Метрика