Саясат

Раим Матраимов аты-жөнүн өзгөртүп, жаңы паспорт алганбы?

Кино жылдызынан кем калбай атактуулукка жетишкен Раим Матраимов аттуу кыргыз жараны тууралуу чуулар көптөн бери токтобой келет. Буга себеп Матраимовдордун үй-бүлөсүнө эч кандай кылмыш иши козголбой келгени. Бийлик алмашып эми алар камалат деп жатканда Раим Миллион жаңы паспорт алып фамилиясын өзгөрткөнү тууралуу маалыматтар тарады.

Интернетке сүрөтү да жарыланды. Паспортту алган датасын карасак анда ушул жылдын 15-октябрь экенин көрүүгө болот, бул күнү Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен.

Фамилиясы дагы Матраимов эмес атасынын атынан Ысмайылов болуп өзгөргөн.

Яндекс.Метрика