Жаңылыктар

Референдум 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу өтө турган болду

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Кыргызстандагы башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Референдумга Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын тандоого байланыштуу маселе коюлат:

  • президенттик республика,
  • парламенттик республика,
  • бардык варианттарга каршы.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Референдум президенттик шайлоо менен бир күндө өтөт.

Яндекс.Метрика