Жаңылыктар

Референдумга каршы акция уланууда

Бишкек шаарында 20-декабрда активисттер Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга каршылык билдирген кезектеги нааразылык акциясына чыгышты.

Темир жол бекетинин жанына чогулгандар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы ураан-чакырыктар менен «Ала-Тоо» аянтына келишти.

Алар «Референдумга жол жок!», «Мыйзамдуу өлкө», «Хансыз өлкө» деген жазууларды көтөрүп турушат.

Акциянын катышуучулары гимн ырдашып, Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинен баш тартууга бийликти чакырышууда. Мындай нааразылык акциялары улана бере турганын билдиришти.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, акция ушуну менен жетинчи жолу уюштурулуп жатат. Күндүн сууктугуна карабай бул ирет тынчтык жүрүшүнө 50дөн ашык киши чыкты.

Яндекс.Метрика