Рекорд! 192 адам бир күндө! 3 каза болгон

Бүгүн 20-июнга карата Кыргызстанда жаңы 192 адам коронавирус жуктуруп алды. Бул өлкө боюнча рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Буга чейин эң көп катталган саны бир суткада 132ге жеткен. Дагы 3 адам каза болду. Жалпы саны 2 миң 981 адам жуктуруп. Каза болгондор 35. Маалыматты саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
Каза болгондордун экөөсү Ош облусунан, бирөө Түп районунан. Сутка ичинде каза болгондор боюнча дагы бул сан рекорддук болуп саналат.
Акыркы суткада жуктуруп алгандардын саны облустар боюнча:
Бишкек — 94
Чүй — 62
Ош шаары — 16
Ош облусу — 12
Ысык-Көл — 2
Нарын — 2
Талас — 2
Сутка ичинде сакайып чыккандар 20 адам.
2 thoughts on “Рекорд! 192 адам бир күндө! 3 каза болгон”
Comments are closed.