Революция жасагандар кызматтан алынганын эл кандай кабыл алды
1-февраль күнү Жогорку Кеңещтеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылык кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырышты. Ошол эле күнү кечке жуук өкмөттүн болжолдуу жаңы курамы жарыяланды.

Социалдык тармактарда көпчүлүк өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамын жактырышпаган постторду жазып башташты. Жаңы премьер-министр Мариповду дагы жактырышпай, Новиков эле калсын деген посттор жүздөп чыгып жатат.
5-октябрдагы бийлик алмашууга чоң салым кошкон Максат Мамытканов, Эльвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиевдер кызматтан алынганы туура эмес экенин айтышууда. Дээрлик жалпы эл жакшы көргөн маданият министри Нуржигит Кадырбековдун кызматтан алынышын дагы жакшы кабыл алышкан жок. Төңкөрүштүн баш каармандары кызматтарынан кол жууп, ал эми Сыймык Жапыкеев жетектеген Финполду ИИМдин курамына кошуп салышканын дагы сындашууда.