Жаңылыктар Саясат

Рыскелди Момбековдун диплому жасалма болуп чыкты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков биринчи жогорку билими тууралуу жасалма дипломдун негизинде мыйзамсыз экинчи жогорку билим алганын билдирди.

Бүгүн, 18-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Жаналиев аталган башкармалык 2020-жылдын март айынан бери тергөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине 1976-жылы туулган Бакыт Шаршенбиевден Жогорку билим тууралуу жасалма дипломду пайдалануу жана мамлекетке зыян келтирүү фактылары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго карата чара көрүү боюнча арыз түшкөн. Анын арызында депутат жасалма диплом алганы айтылат.

Иштин материалдарынан көрүнүп тургандай, 2020-жылдын март айында КУУга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө бөлүмү Момбеков Ж. Баласагын атындагы окуу жайда окуганбы, кайсы жылдары, кайсы адистикте, дипломун качан алгандыгы боюнча суроо-талап жөнөткөн.

КУУнун жообуна ылайык Момбеков 1997-жылы студенттерди кабыл алууда сырттан окуу бөлүмүнө «юриспруденция» адистиги боюнча жана 2003-жылы студенттердин аяктоочу буйругунда Момбеков көрсөтүлгөн эмес. Дипломдогу №196 каттоо номери бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча 2003-жылы Стародубов Михаил Ивановичке ыйгарылган. Момбековго аталган окуу жайда диплом берилген эмес”,-деп билдирди УКМКнын өкүлү.

Анын айтымында, Момбеков 2014-жылы Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны бүтүрүп, келишимдик негизде сырттан окуу бөлүмүндө эл аралык мамилелер боюнча билим алган.

«Өздүк делосунан Момбеков 2011-жылдын 19-октябрындагы буйрук менен КУУнун дипломунун негизинде окууга өткөнү көрүнүп турат. УКМКда бар материалдар Момбеков Дипломатиялык академиянын дипломун анын негизинде мыйзамсыз алганын көрсөтүп турат. КУУнун жасалма диплому болгон», — деп белгиледи Жаналиев.

БШК мүчөлөрүнүн суроосуна жооп берип жатып, ал иш тергөө стадиясында экенин, талапкерге азырынча айып коюла электигин билдирди. Өз кезегинде ыйгарым укуктуу өкүл Рыскелди Момбеков бул маалымат бүгүн гана түшкөнүн билдирди.

«Талапкер 2020-жылдын октябрь окуясында анын иш бөлмөсүнөн сейф уурдалганын, анда 2003-жылкы дипломатиялык паспорт жана диплому болгонун айтып, документтерди калыбына келтирип, сейфти уурдаган адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылган. Маалымат бүгүн гана түшкөндүктөн, бул иш менен тааныша алган жокпуз, таанышып чыгууга убакыт берүүнү суранабыз», — деди ал.

БШКнын төрайымы Нуржан Шылдабекова БШК талапкерден жогорку билими боюнча бир нече жолу диплом сураганын, бирок Момбеков Дипломатиялык академиянын дипломун гана бергенин белгиледи.

БШК мүчөсү Искендер Гайпкулов талапкер бардык керектүү документтерди өз убагында тапшырышы керектигин баса белгиледи.
«Талапкер Дипломатиялык академиянын дипломун тапшырган. Анын жасалма экени далилденмейинче, чечим кабыл ала албайбыз», — деди ал.

Талкуунун жыйынтыгында БШК бул маселеге эртең кайра кайрылып, Момбековдун өзүн чакыра турганын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Яндекс.Метрика