Сүрөттө 4 адам бар. Жаңы оптикалык иллюзия баш катырууда
Интернетте жаңы оптикалык иллюзия талкууланууда. Сүрөттө төрт бөтөлкө көрсөтүлгөн, бирок кадрда үч эле адам көрүнөт.Бирок, жакшылап карасаңыз төртүнчү адамды көрүүгө болот.

Бул оптикалык иллюзия Твиттерде дароо популярдуу болуп, колдонуучулар баш катырып жаткан учуру. Сиз төртүнчү адамды таба алдыңызбы? Таппасаңыз жообу төмөндө.
Төртүнчү адам бөтөлкөнү көк мээлей менен кармап тургандыгын көрө аласыз. Камуфляждык куртканын жеңи таштарга аралашып калган. Сүрөт Твиттерга чыккандан соң дароо 100 миңдеген бөлүшүүлөр болгон. «Камуфляждык кийим чын эле жашырынууга жардам берет экен» деген пикирлер жазылууда.
