Сөгүнүү ден-соолукка кандай таасир берет?
Сөгүнүү каргышка, кара дубага тете нерсе. Сөгүнүү менен адам үч ыйык нерсеге – Кудайга, Жерге жана Энеге наалат келтирет.

Бекеринен Россияда падышалар сөгүнгөн адамдарды жазага тартышкан эмес. Дээрлик ак сөөктөр сөгүнүшкөн эмес, сөгүнгөндөр базарчылар, кара жумушчулар жана крестьяндар болгон. Сөгүнүү шайтан менен дос болгонго барабар дешкен. Өтө ачууланып күчүн тилден чыгарып, сөгүнүп, каргап-шилеген адамдар эмоциясын башкара албагандар, өзүмчүлдөр, рухий пас, жан дүйнөсү тар адамдар деп эсептелет.
Кээ бирөөлөр үйрөнгөн адат боюнча эле сөгүнө беришет. Адамдар сезбегени менен сөгүнүү жылаандын уусундай зыян, адамдын жан дүйнөсүн бузуп, энергиясын талкалайт, айланасындагыларга кара энергия толкунун жиберет. Сөгүнүү адамдын ден соолугун бузат, сөгүнгөн адамдардын тиши бат бузулат, ашказаны, өпкө, боор, көк боор, өт, көз органдары жабыркап, териси карайып, бырыш тез түшөт.