Сөккөнү үчүн Өзгөндө 3 жаштагы баланы мыкаачылык менен өлтүргөн
Ош облусунун Өзгөн районунда 3 жаштагы наристе өлтүрүлдү. Бул тууралуу Турмуш басылмасына өздүк булактар билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, баланы айыл тургуну сөккөнү үчүн өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн.

Маалыматты Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы тастыктап, 2021-жылдын 17-январында саат 14:30 чамасында Өзгөн районунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө облустук ооруканадан чакыруу түшкөнүн билдиришти. Дарыгерлер 3 жаштагы наристе ооруканада көз жумгандыгын жана анын денесине оор жаракат менен түшкөнүн билдиришкен. 3 жаштагы бала Ш.Фны ооруканага Дөң-Булак айыл аймагынын Кара-Дарыя айылынын тургуну алып келген.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, 2021-жылдын 17-январында саат 09:00 чамасында Кара-Дарыя айылынын тургуну 15 жаштагы М.А. 3 жаштагы Ш.Фны айылдын түндүк тарабында жайгашкан талаага алып барып өлтүргөн.

Эч ким көрбөйт деп баланы бак-дарактардын арасында бетине урган. Качан Ш.Ф. эсин жоготконд ташты алып башына уруп, андан кийин камыштардын арасына ыргытып салган. Ал өзү кылмыш болгон жерден качып кеткен.
Өспүрүмдү өлтүрүүгө шектелген адам адвокаттын жана мыйзамдуу өкүлдүн катышуусунда суралды. Андан кийин ал кылмыш болгон жерди жана ал кандайча жасалгандыгын көрсөтүп берген.
Ал өз аракетин 3 жаштагы бала аны сөккөндүгү менен түшүндүргөн.
Шектүү Өзгөн шаарындагы мектептердин биринде 9-класстын окуучусу. Ал Өзгөн районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.