Окуялар

Сүйүү барбы? Сүйгөнүм башка менен жатып…

Кыз менен бала интернеттен таанышып бирнчи жолугууга аянттан жолугушат.

Бала: — кандай

Кыз: — жакшы

Бала: — кел алгачкы жолушуканыбыз үчүн сүрөткө түшүп койолу

Кыз: — макул

Чырк!!

Бала: — кайдан болосуң?

Кыз: — Токмок, өзүң?

Бала: — Балыкчы, каякта окуйсуң?

Кыз: — БГУ, сенчи?

Бала: — полтитехте, шаарда кимдер менен жашайсың?

Кыз:- эжемдин үйүндө, неге сурадың?

Бала: — кандай анан жакшы элеби?

Кыз:- мм, жакшы эле, бирок чынын айтсам үйгө барсам жумуштан кол бошобойт..

Бала: — ха-ха, демек үйгө баргың келбейт экен да??

Кыз:- ошондой десе да болот

Бала: — сүйүүгө ишенесиңби??

Кыз: — мм, ооба. Сенчи?

Бала: — бир окуядан кийин ишенбей калгам

Кыз: — кандай окуя? Айтып берсең..

Анда 11-классты аяктап жатканбыз. Зарина деген кызды бир көрүп жактырып калгам. Кокусунан көчөдөн таанышып калганбыз. Бат эле тил табышып жакшы сүйлөшүп кеттик. Жашыбыз да тең эле, ал күндөн баштап дайым бирге боло баштадык, бир да күн жолукпай калбайбыз. Көп өтпөй шаарга чогуу келип окууга тапшырдык. Окуудан чыгып сабакты бирге даярдайбыз. Алдыга ар кандай максаттарды койуп, үйлөнсөк кандай үйгө жашайбыз, канча балалуу болобуз баарын сүйлөшөөр элек. Баардык жака чогуу барабыз, кубаныч кайгыбызды чогуу бөлүшүп бактылуу болуп эки жыл кыз жигит болуп сүйлөштүк. Бир да жолу урушкан жокпуз. Жайкы каникулда акча таап кымбат шакек сатып алып, Заринага үйлөнүүнү чечтим. Айтууга ыңгайлуу учурду издеп жүрдүм. Маршруткада кетип баратып Заринанын машинага отуруп жатканын көрүп калдым. Рульдагы киши менен өбүшүп учурашканын да көрдүм. Чалсам телефонун албай койду.

Туугандары болсо керек деп маани деле берген жокмун бирок жүрөгүм бир жамандыкты сезип жатты. Эртеси күнү жолуктук, кечеги көргөнүмдү айтайын деп кайра оозум барбады. Окуудан кийин коштошуп, анын артынан аңдып бардым. Бир жерге барып бир аз күтүп туруп дагы кечеги машинага отуруп кетип калды. Ал күндөн тартып башкача ойлор боло баштады. Канчалык жаман нерсени ойлогум келбесе да, башыман кетпей туруп алды. Бир күнү такси айдатып алып алардын артынан бардым. Шаардын четки көчөлөрүнүн бириндеги бир үйгө кирип кетишти. Эмне кылаарымды билбей ойлонуп туруп бир маалда үйгө кирип барууну чечтим. Дарбазасын кулптап салыптыр, учтары темир болгон бийик кирпич дубалды ашып түштүм. Ички эшиктери ачык экен кирип барсам эле экөө баштап калышыптыр!

Башка таш менен чапкандай эле болду! Катып туруп калдым. Жашы өтүп калган эле киши экен, бай экени көрүнүп турду. Алар да мени карап туруп калышты. Заринанын көздөрү жалдырайт. Артка бурулуп алып кетип калдым. Кандай болгон күндө да Зарина күнөөлүү! Мындай болушу мүмкүн эмес деп ишене албай жүрдүм. Ошону менен баары бүттү! Сүйлөшпөй калдык, кийин бир жолу жолугуп сүйлөштүк. Кечирим сурады. Кечирим эч нерсени чечпейт болчу. Мага аябай кыйын болду. Көпкө кыйналып жүрдүм. Убакыттын өтүшү менен унутуп жаңы жашоо баштап келатам..

Яндекс.Метрика