Видео Жаңылыктар

Сүйүнүчтөн ыйлап. Баткенде тажик улутундагы жарандарга жардам берилди

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундарынын атынан Лейлек районунун Максат айылында жашаган тажик улутундагы Кыргызстандын жарандарына материалдык жардам көрсөтүлдү.

Видеону социалдык тармакка Улан Касымбеков жарыялады. Айыл башчысы Кубат Нышановдун айтымында, Максатта ар улуттун өкүлдөрү жашайт.

«Биздин тажик улутундагы эки үй-бүлө, Кыргызстандын жарандары. Алардын биринин үйү кыйраган. Мындан тышкары, этникалык өзбектердин үйлөрү жабыркаган. Биз баарына жардам берип жатабыз, алардын үйлөрү дагы калыбына келтирилет».

Видео:

Тургундар сүйүнгөнлөрүнөн көздөрүнө жаш алышты.

Яндекс.Метрика