Жаңылыктар

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы: Тажик жана кыргыз милициялары көзөмөлдөйт

Лейлек районунун Интернационал айылында Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков Тажикстандын Ички иштер министринин орун басары Нозим Иброхимзода менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек районунун айылдарындагы кырдаалды турукташтыруу, чек ара айылдарында коомдук тартипти орнотуу, ар кандай укук бузууларды алдын алуу, мамлекеттик деңгээлде кырдаалды турукташтыруу үчүн коомдук тартипти биргеликте коргоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар ар бир жарандын укугун жана коопсуздугун коргоп, кыргыз жана тажик милициясынын кайгуул күзөтүн уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

«Жыйынтыгында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча келишимдерге жетишилди, тараптар кырдаалды турукташтыруу боюнча бир пикирге келе алышты. Баткен облусунун Лейлек районунун жана Согди облусунун күч структураларынын иши толугу менен Сүйүн Өмүрзаков менен Нозим Иброхимзоданын көзөмөлүндө болот.

Тараптар ок атууларды алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана биргеликте тартипти калыбына келтирүү боюнча макулдашышты. Азыр Баткен облусунун Лейлек районунда кырдаалды толук турукташтыруу жана коомдук тартипти сактоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Чек арада дагы окуя 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү пунктунун аймагында башталды. Оозеки уруш мушташка айланып, тараптар бири-бирине таш ыргыта башташкан. Андан кийин атышуу башталып кеткен.

Яндекс.Метрика