Жаңылыктар

Сүннөткө отургузулган бала эмне себептен каза болуп калганы белгилүү болду

Бишкекте 7 жашар бала сүннөткө отургузгандан кийин каза болуп калды. Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, окуя 2-апрелде орун алган. Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлерине №3 балдар ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда оорукананын хирургия бөлүмүндө бала каза болгондугу маалымдалган.

Сүннөткө отургузуу операциясы учурунда каза болгон бала кан жоготуудан эмес, жүрөгү токтоп калгандыктан каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Наркоз киргизүү учурунда баланын жүрөгү токтоп калган.

«Азыр оорукананын жетекчилиги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат», — деп билдиришти бөлүмдөн.

2-апрелде Шаардык балдардын клиникалык ооруканасында 7 жаштагы наристе каза болгон. Ал Улуттук госпиталда сүннөткө отургузуу учурунда жергиликтүү наркоз алган.

Бала балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө «Платтер синдрому» диагнозу менен жаткырылган, сүннөттөгү жарааттан кан кеткен.

Улуттук госпиталдан 2-апрель күнү саат 14:00 чамасында урология бөлүмүнө 7 жаштагы бала түшкөнүн билдирди. Бала ординатордун жээни болгон, ал бөлүмдүн урологуна жээнин «сүннөткө отургузуу» операциясын жасоону суранган.

«Балага жергиликтүү наркоз сайылып сүннөткө кесилген, бирок бала тынчыбай, ыйлап, каршылык көрсөтүп, сүннөткө отургузууга уруксат берген эмес. Буга байланыштуу бала атасынын жана агасынын коштоосунда Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилген», — деп айтылат оорукананын маалыматында. Балага эки жолу наркоз сайылганы белгилүү болду.

Сүннөткө отургузгандан кийин абалы начарлап, каза болуп калган учурлар буга чейин дагы катталган. 2019-жылы Ысык-Көл районунда сүннөткө отургузуу маалында үч жашар бала чарчап калган. Анда дагы балага наркоз бергенден кийин эсине келген эмес.

Яндекс.Метрика