Жаңылыктар

Сүрөт. Женго кармалып, Оштон Бишкекке алынып келинди

Женго лакап аты менен белгилүү болгон криминалдык авторитет Кадырбек Досонов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борбору билдирди. Бүгүн аны Оштон Бишкекке алып кетишти.

«11-февралда УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүү менен республиканын түштүк аймагынын көзөмөлдөөчүсү аталган криминалдык авторитет Досоновду кармоо боюнча атайын издөө иш-чараларын аяктады», — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева берген маегинде ал өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке келгендигин айткан.

«Менин кардарыма жер тилкесин мыйзамсыз басып алган деген айып тагылууда. Досоновдун мурунку аялынын үйүнүн тосмосу белгиленген чек арадан ашып кеткен. Адатта, мындай маселелер мэриянын буйругу менен гана чектелип, жарандык тартипте чечилет», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын ноябрь айында УКМК Кадырбек Досоновду издөө жарыялаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал оор кылмышка катышкан. Досоновго милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүргөн деп айып тагылган. Милиция аны эки жылдан кийин кармаган, бирок 2017-жылы июль айында Кара-Суу райондук сотунун чечими менен Женго бошотулган. Январь айында аны Ош ШИИБи профилактикалык сүйлөшүүгө чакырган.

Яндекс.Метрика