Билип ал Ден-соолук

Сөгүнүү ден-соолукка кандай таасир берет?

Сөгүнүү каргышка, кара дубага тете нерсе. Сөгүнүү менен адам үч ыйык нерсеге – Кудайга, Жерге жана Энеге наалат келтирет.

Бекеринен Россияда падышалар сөгүнгөн адамдарды жаза­га тартышкан эмес. Дээрлик ак сөөктөр сөгүнүшкөн эмес, сөгүнгөндөр базарчылар, кара жумушчу­лар жана крестьяндар болгон. Сөгүнүү шайтан менен дос бол­гонго барабар дешкен. Өтө ачу­уланып күчүн тилден чыгарып, сөгүнүп, каргап-шилеген адам­дар эмоциясын башкара албаган­дар, өзүмчүлдөр, рухий пас, жан дүйнөсү тар адамдар деп эсеп­телет.

Кээ бирөөлөр үйрөнгөн адат боюнча эле сөгүнө бери­шет. Адамдар сезбегени менен сөгүнүү жылаандын уусундай зыян, адамдын жан дүйнөсүн бузуп, энергиясын талкалайт, айланасындагыларга кара энер­гия толкунун жиберет. Сөгүнүү адамдын ден соолугун бузат, сөгүнгөн адамдардын тиши бат бузулат, ашказа­ны, өпкө, боор, көк боор, өт, көз органда­ры жабыркап, териси карайып, бырыш тез түшөт.

Яндекс.Метрика