Саясат

С. Жапаров «Президенттин милдетин аткаруучу мен болдум»

Садыр Жапаров өкмөт алдында чогулуп турган элдин алдына келип сөз сүйлөдү.

«Урматтуу туугандар, мына бүгүн сиздердин чыныгы жеңишиңиздер. Сиздер жеттиңиздер ошол жеңишке. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өз арызын жазып берип кетти. Спикер Канат Исаев анын милдеттерин аткаруу мүмкүн эмес экендигин айтып, арызын жазып берди. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр деген кызмат мага өттү. Ырахмат баарыңыздарга, таараңыздар эми«, — деди.

Буга чейин Канат Исаев президенттин милдетин аткарбай турганын айткан. Мыйзам боюнча президент мөөнөтүнөн мурда кызматын таштап кетсе анын милдети парламенттин спикерине жүктөлмөк.

https://www.instagram.com/p/CGXmCnKDt_Y/?utm_source=ig_web_copy_link
Яндекс.Метрика