С. Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова орус басылмасына интервью берди
Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова «Около политики» журналынын ноябрдагы чыгарылышына интервью берген.

⠀
Ал учурда бир нече миң ыктыярчылардын башын бириктирүүнүн үстүндө иштеп жатканын айтты.
⠀
«Мен ыктыярчыларды камсыздабайм, болгону элге жардам берүүнү каалаган кайдыгер эмес адамдардын башын бириктирем. Мындан тышкары мен учурда 5-6-октябрь күндөрү жабыркагандарга жардам берип жатам”, — деп билдирди ал.
⠀
Айгүл Жапарова Садыр Жапаров абактан чыгып, эл аны колдооруна толук ишенгенин кошумчалаган.

“Премьер-министр кызматына дайындала турган учурда биз кеңешкенге жетишкен жокпуз. Бат эле болуп кетти. Бирок ал элдин колдоосуна дайыма ишенчү”, — деди Жапарова.
⠀
«Около политики» журналы Жапарованы биринчи айым катары жазган. Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 15-октябрдан 14-ноябрга чейин премьер-министр болуп, убактылуу өлкө президенти болуп иштеген.
⠀
“Мага эми көп көңүл бурула турганы мени коркутпайт. Тескерисинче, көп мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мен аны элдин кызыкчылыгына колдоном. Мен дайым элге жакын болууну каалачумун”, — деп кошумчалаган Жапарова.