Жаңылыктар Кызыктуу

С. Жээнбековдун президент убагындагы айлыгы жана азыр канча пенсия алып жатканы белгилүү болду

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков канча пенсия алып жатканын социалдык фонддон билдиришти. Ал президент болуп иштеп турганда 66 миң 200 сом айлык алып турган.

Кеткенден кийин мыйзамга ылайык айлык акысынын 75 пайызын пенсия кылып алат. Айлыгынын 75 пайызы 49 миң 650 сом болот экен. Ал 15-октябрда президенттиктен кеткенден кийин айдын калган 16 күнү үчүн 27 миң сом пенсия алган. Ноябрь айына болсо 49 миң 650 сом алды, декабрга дагы ушунча каражат төлөнөрүн социалдык фонддон билдиришти.

Буга чейин Сооронбай Жээнбековго 2 айга 296 миң сом бюджеттен берилери айтылган. Пенсиядан тышкары экс-президентке мамлекеттен күзөтчүлөр, акысыз медициналык жардам жана бир топ жеңилдиктер болот

Яндекс.Метрика