Билип ал Ден-соолук

Сабизди туура тандаңыз. Бул белгилери бар болсо ден-соолукка олуттуу зыян алып келет

Сабиз ден соолукка абдан пайдалуу экенин баары билет. Бирок, көпчүлүк сабизди кантип туура тандоо керек экенин билишпейт.

Базарда, супермаркеттерде адатта сабиздин эки түрү сунушталат — жуулган жана жуулбаган. Көпчүлүк учурда жуулганы кымбатыраак болот, кардарлар жуулган сабизди алууну каалашат, анткени тазалоого убакыт кетпей. Бирок, жуулган сабизди сатып алууда этият болуу керек, анткени мындай сабиз көпчүлүк учурда натрий пиросульфити менен жуулат.

Жуулган сабиз, адатта, көпкө сакталбайт. Эки-үч күндөн кийин карарып, бырыш түшүшү мүмкүн. Мындай сабиз мүмкүн болушунча узак убакыт бою сакталыш үчүн алар химиялык консервант — натрий пиросульфит менен иштетилет. Бул заттын организмде топтолушу боордун бузулушуна алып келет. Үй-бүлөңүздө балдар жана кары-картаңдар бар болсо, өзгөчө этият болушуңуз керек.

Жуулбаган сабиз тууралуу айта турган болсок ал жерден сууруп алынат жана эч кандай иштетүүгө дуушар болбойт. Мындан тышкары сабизге жуучу каражаттар кошулбагандыктан экологияга эч кандай зыян келтирилбейт. Ошондуктан, сатып алууда жуулбаган сабизге көңүл буруңуз.

Мындан тышкары, сабиз сатып алууда, төмөнкү жагдайларга көңүл буруу керек:

  1. Сырткы көрүнүшү. Жашылчаларды тешиктерди, курт-кумурскаларды жана башка зыяндарды кылдаттык менен текшериңиз. Курт жеген бир эки тешиги болсо эч нерсе эмес. Демек ал дарыланган эмес. Эч кандай кемчилиги жок жылмакай сабизден оолак болуу керек. Дарыга чыланган жемишке эч бир курт жолобойт. Көлөмүнө да көңүл буруу керек. Көпчүлүк учурларда өтө чоң жашылча эски жана аз сууну камтыйт, демек, ал аз ширелүү болот. Тескерисинче, сабиз өтө кичинекей болсо, анда алар толук бышкан эмес жана аларда пайдалуу заттар жетишсиз. Орточо көлөмдө болгону жакшы.
  2. Салмагы. Сабиздин салмагы өтө жеңил болсо, бул узак убакыт бою сакталып, нымдуулугун жоготкондугун көрсөтүп турат. Оорун тандаңыз – мындай сабизде суу көп, алар ширелүү жана даамдуу болот.
  3. Сабагы. Сабиздин сабагына кошулган жери жашыл болсо, анда жашылча жаңы.
Яндекс.Метрика