Кызыктуу

Садык Шер-Ниязды ооруканада жаман кылышты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, режиссёр Садык Шер-Нияз ооруканадан кыйкырып, орой мамиле жасап кетирип жиберишти. Бул тууралуу ал өзү билдирүү калтырды.

«СПЕЦБОЛЬНИЦАНЫН СПЕЦТЕРИНЕ!
Бексултан байке бир аз ооруп спецбольницада экен деп Таалай (Кулмендеев) айтканынан көрүп келели деп бутубузга бахила кийип, мурдубузга маска тагынып, 3 этаж дегенинен, этаж арасында Бексултан аганын жоруктарын айтып эшикти ачып, кардиология бөлүмүнө баш бактык.

Коридордогу килемди аяр басып ар бир палатанын номурун карап баратабыз. Аңгыча эле Силер кимсиңер! Эмне кылып жүрөсүңор! деген өктөм үн чыгып калды. Чынын айтайын өктөм сүйлөгөндөрдү жактыра бербейм. Алдымда жапалдаш бойлуу чачы кыска, бети тултугураагынан келген жашы 55терде ак халатчан, бетине меникинен да чоң маска тагынган аял киши туруптур. Адатымча мен дагы “Эмне кыйкырасың” деп айтып жиберейин деп, кой кантсе да оорукананын ичинде кыйкырышып жүрбөйлү деп сылык баарлашууга үндөп, Бексултан Жакиевге жолугалы дедик эле дедим (болушунча сыпайы). Кайсыл Бексултан! Ушунусу такыр жакпады. Ушул жерде иштесе, болгону драматург көзгө басар баатыр аксакалыбызды “Кайсыл Бексултан!?” дегени жакпады.

Аял киши экен анын үстүнө кечээ эле 8 март болду эле деп, андан ары да да болушунча сылык болууга аракеттенип аттым. Сөз уланбады. Температура болуп жатат, карантин дагы бир ушундай сөздөрү менен киргизе албайбыз дегенге чыкты. Кызык карантин болсо эмне үчүн эшик ооздон киргизишет? Ошол жерден эле карантин деп эч кимди киргизбей коюш керек да. Ошондой болгон күндө да эмне үчүн кыйкырып, өкүрүшү керек келген кишиге? Бул нерсени бери эле жерде “непрофессионализм” десе жарашат.

Анткени профессионал өз кесиби врач болгондон кийин биринчи көңүлдү дарылаш керек да. Кыскасы орусча айтканда “нас почти что облаяли”. Эч нерсе дебедим акырын эле чыгып кеттик. Бир нерсе айтсаң эле айкырганга даяр турат. Оорукананы башыбызга көтөрбөйлү теңелбейли деп чыгып кеттик. Сырттан телефон чалып Бексултан байкеге түшүндүрүп, кире албай калганыбызга кечирим сурадык.

Көрсө температурасы деле жок экен. Акыркы жолу ченегенде 36,7 градус болгонун айтты. Эмнеге жазып жатканым Элмирбекти да эстеп кеттим окшойт. Анда да алешемдик болду деп, суроо салсам (анда депутат элем) карганып беришти эле. Баарыңарды жамандай албайм бирок кардиология бөлүмү этика жагыңарды оңдобосоңор анда силер айыктырбай эле аңга түртө баштайт окшойсуңар. Соо адамга ошончо алкынсаңар, ооруу кишини оңдурбайсыңар го.
Бексултан байке сизге батыраак сакайып кетишиңизди каалайм.» — деп жазган.

Яндекс.Метрика