Садыр Жапаров 28-январда ант берет
Толугу менен садыр жапаров
- Орозайым Нарматова: "Садыр Жапаров казино ачып" каралардан" карызын кутулабы?"
- "Оору күчөп кетсе карантин киргизебиз!" Садыр Жапаров кайрылуу жасады
- Садыр Жапаров социалдык тармактардан баш тарттыбы?
- Садыр Жапаров Бекешевди сокур деп айтканбы?
- Жапаров: "Жээнбеков өзү куруп алган башка бир дүйнөдө жашап келген"
Президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда боло турганын Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.

Анын айтымында ант берүү жана төш белгини тапшыруу аземи Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт.
«Бүгүн уюштуруу комитети түзүлүп жатат. Инаугурацияга байланыштуу бардык маселелерди уюштуруу комитети чечет. Иш-чарага даярдануунун алкагында эпидемиологиялык кырдаал дагы эске алынат, балким коноктор COVID-19ду аныктоо үчүн ПЦР тесттеринен өтүшү керек», — деди Анаркулов.
Салтанат түз эфирде көрсөтүлөт.