Жаңылыктар Кызыктуу

Садыр Жапаров 52 жашка чыкты. Сиз билбеген өмүр баяны

Салт боюнча Кыргызстанда президенттер 61 курак жашында кызматынан кетет эмес беле, Жапаров президент болуп калса тогуз жыл убактысы болот экен.

Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.1986- жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене-тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. «Советтик Армиянын отличниги» деген наам алган.

1989-жылдан 1991-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган. 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген.1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан «Керкей» ишканасынын башчысы. 1996-2001-жылдары «Гузель» ишканасынын генералдык директору, 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан «Нурнефтегаз» нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада генералдык директор кызматын аркалаган.

2005-жылы Түп шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.2006-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган, юрист. 2007-жылы үчүнчү чакырылыштын депутаттарын таркатып жибергендигине байланыштуу депутаттыктан кеткен.

2008-2010-жылдары Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеген. 2010-жылы кайрадан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, 2013-жылга чейин иштеген.2013-жылы депутаттык мандатын ташырган.(Ал эми серепчилер «Бийликтин саясий куугунтугуна кабылып, депутаттык мандатынан адилетсиз ажыраган» — деген ой-пикирлерин айтышкан).2020-2021-жылдары президенттикке талапкер.

Яндекс.Метрика