Саясат

Садыр Жапаров абакта жатып кантип революция жасаганын айтып берди

2017-жылы мени президенттик шайлоого катыштырбай, Күмтөр маселесин көтөрбөшүм үчүн экинчи ирээт түрмөгө түштүм. Бул тууралуу Садыр Жапаров орусиянын “Ъ” сайтына берген маегинде билдирген.

Жапаров абакта отурган 3 жыл аралыгында эл менен тыгыз байланышта болгонун кошумчалаган.»Үч жарым жылдан бери карапайым эл менен түз байланышта болдум. Одноклассники, Фейсбук, Инстаграмда топторду түздүм. Мен адамдардын номурларын WhatsAppтан чогултуп, ал жерде 50дөн ашык топ түздүм — бир топко 256 адамды кошсо болот.

Ушул топтор аркылуу мен Кумтөр жөнүндө, өз ишим жөнүндө маалымат таркатып жаттым. Ошентип, үч жарым жылдын ичинде менин үнүм бардык адамдарга жетти. Абакта сен 24 саат бою эркин адамсыз, бош убактыңыз бар. Мен түрмөдөн ушундай жол менен революция жасадым», — деп билдирген Жапаров.

Яндекс.Метрика