Жаңылыктар

Садыр Жапаров дүйнө лидерлери алдында сөз сүйлөйт

Президент Садыр Жапаров бүгүн 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун 76-сессиясынын жалпы дебаттарындагы жогорку деңгээлдеги жумалыктын ачылышына видео байланыш аркылуу катышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Жапаров Нью-Йоркто башталып жаткан жыйындын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, кайрылуу жасайт. Президенттин тапшырмасы боюнча тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нью-Йорктогу бир катар жыйындарга катышып, БУУнун жетекчилиги менен жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Яндекс.Метрика