Жаңылыктар

Садыр Жапаров эки мөөнөткө президент болуп шайлана алат

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров беделдүү Британиялык Financial Times басылмасына маек курду.

«Мен Кыргызстандагы каталарды оңдоо жоопкерчилигин алдым. Мен өзүмө толугу менен ишенем жана диктатураны калыбына келтирбейм деп ишенем. Мен демократиялык адаммын. Мен диктатура деген эмне экендигин билем. Мен акыйкатсыздык деген эмне, мыкаачылык жана мыйзамсыздык эмнени билдирерин билем», — деди мамлекет башчысы.

«Жаңы документ Кыргызстандын светтик республика статусун өзгөртпөйт жана чет элдик инвестицияларды коргоо боюнча катаал чараларды камтыйт», — деди президент. Анын айтымында, долбоору даярдалып, бирок парламентке сунуштала элек жаңы Конституцияда президенттин мөөнөтү алтыдан беш жылга чейин өзгөртүлүп, бир кишинин мөөнөтү экиге чейин көбөйтүлгөн.

Садыр Жапаров тышкы саясатка дагы токтолду. Ал Кытай менен Россиянын Борбор Азиядагы Кыргызстан сыяктуу мамлекеттердеги активдүүлүгү жана таасири үчүн атаандашып жатышканын моюнга алды, бирок атаандаштык “анча деле мааниге ээ эмес” деди.

“Биздин алган милдеттенмелерибиздин бардыгы аткарылат. Биздин эл аралык өнөктөштөр менен болгон мамилебиз узак мөөнөткө, келечекте туруктуу бойдон калат”, — деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Яндекс.Метрика